Бишкектин базарларында азык-түлүктөрдүн баасы 1 ай аралыгында 15 пайызга өстү (фоторепортаж)

Бишкектин базарларындагы азык-түлүктүн баасы акыркы 1 ай аралыгында 10 сомдон 30 сомго чейин кымбаттады. Өзгөчө эт азыктары жана картошка, пияз, помидордун баалары көтөрүлгөн. Cоодагерлердин айтымында, азык-түлүктүн баасы акыркы бир ай аралыгында кескин кымбаттады. Бул Кыргызстандын Орусияга айыл чарба продуктуларын экспорттоонун көлөмүн кеңейткендиги менен байланыштуу болууда. Орусияга түздөн-түз өткөрүүгө жол ачылгандыктан, дыйкандар азык-түлүктөрүн дүңүнөн Орусияга өткөрүп жатышат. Базарда соода кылгандардын айтымында, "Ош базарында" помидордун баасы мындан 1 ай мурун 15-20 сом болсо, учурда 25-35 сом, картошка 18-20 сомдон 22 сомго, пияз 18ден 23-25ке, жуулган сабиз 25тен 30 сомго, болгар калемпири 24төн 30 сомго чейин кымбаттаса, түрп 70 сомдон 30 сомго төмөндөгөн. Ал эми ундун баасы ошол эле бойдон калууда (биринчи сорттогу ундун 50 килограммдык кабы 1250-1300 сомдон). Нан 15-20-30 сомго чейин болууда. Өсүмдүк майы 70 сомдон 120 сомго чейин (өзгөрүүсүз калды). Капуста 15 сомдон 20 сомго, кызыл кызылча 45 сомго чейин чыкты. Көк пияз, укроп, кинза сыяктуу көк чөптөрдүн баасы 15 сомдон бойдон калды. Уй этинин килограммы 345-350 сом болууда.  

Картошка саткан соодагер Кален Мырзакул уулу базар баасы мындан ары да кымбаттап кетиши мүмкүн экенин айтат. Анын айтымында, бензин, электр энергия, күнүмдүк керектүү буюмдардын кымбатташы азык-түлүктөргө  болгон таасирин тийгизип жатат.

Жазында баары кымбаттап, бирок күзүндө бир кыйла арзандап калыш керек болчу. Тескерисинче, көтөрүлүп жатат. Дыйкандардын эгиндери бышып, базарларга киргизип жатышканы менен, жылдагыдай арзан баага беришпейт. Алардын да кеткен каражаттарын жабыш керек да”,- дейт Мырзакул уулу.

Монополияга каршы агенттигинин орун басары Бактыбек Исаев буга чейин агенттик базардагы айрым азык-түлүктүн кымбаттап кетишине чара көрө албай турганын айтып чыккан болчу. Анын айтымында, агенттик жөн гана рейд жүргүзүүгө укуктуу. Биздин агенттик базардагы картошканын баасына көзөмөл кыла албайт. Картошкага гана эмес, айрым жашылча-жемиштердин баасын да тескөөгө укугубуз жок. Өкмөт тарабынан токтом бекитилип берилсе, чара көрө алабыз. Ал эми сүт азыктары, ун, шекер сыяктуу айрым азык-түлүктөрдүн бааларына 2012-жылдагы №242-токтомдун негизинде чара көрөбүз,- дейт Бактыбек Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asan_aksy
2014-10-07 09:01:34
арзанчылык еле болсун .
+2
josholu
2014-10-07 11:34:20
РоссиЯда кайра арзан тура
0
Frunze1
2014-10-07 14:16:02
Арзанчылык эле болсунчу, бир жыл ичинде баалар 50-70%ке чейин которулду, мугалим, врачтардын эмгек акысы 4 жыл мурун которулгон, андан бери баалар канча осту, мугалимдин орточо айлыгы 5000-7000 сом болсо ал акчага эмне келет, коммуналдык толомдорун толойбу, кийим кече алабы оздоруно, балдарына, же тамак ашына жеткиреби? Бул айлык менен там салуу, машина алуу тууралуу ойлоп да кереги жок кунумдук турмушка акча жеткире албай жатканда....
0
Frunze1
2014-10-07 14:19:33
Мамлекет дегеле баалар боюнча кабагым кашым дебейт, кайра айрым озуно караштуу (депутат-министрлер - булар бизнесмендер, завод-фабрика ж.б. бар) товарлардын баасы озуп кирешем кобойсо деп ар кандай интригаларга, кадамдарга барышат, элдин кыйналып аран кун откоруп, кобу кыйынчылык, жокчулуктун айынан айылдардан Бишкекке, андан кобу Россия, Казахстанга агылып жатканы менен бийликтин дегеле иши жок... Жаштар жана эмгек министрилигин атап да кереги жок, аны тойкана министри деп аташ керек!!!
+2
Frunze1
2014-10-07 14:23:43
Бийлик же инфлияцияны ооздуктап, баалардын осуусун камсыз кылган топторду жазалаш керек, бааны бир калыпта кармаш керек же ар алты айда бир инфлияциянын денгээлине жараша олкордогу бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлык акчасын, пенсия-пособияны инфлияциянын корсоткучуно ылайык которуп турушу керек... Мугалим, врачтардын айлыгы акыркы жолу 4 жыл мурун которулгон, андан бери баалар канча осту, пенсионерлер кыйналып жатат, ошолордун баарын бийлик эске алып иш жургузушу керек!!!!!!!!!!!!
+1
demo009
2014-10-07 17:16:44
кымбаттап эле баратат,кымбаттап эле баратат,анан конечна байласан да калбайт да крда,маянасы 15кунго арааан жетип атса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан