Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте Соттук реформа боюнча жумушчу топтун экинчи отуруму
өтүп жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жарандык процессуалдык кодекстин жаңы долбоору талкууга алынды. Долбоордун үстүнөн иштеген адис Гүлбара Калиеванын айтымында, сотко негизсиз арыздар жана доолор түшпөшү үчүн сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик төлөм киргизүү керек. "Жакыр жашаган жарандарга сөзсүз түрдө жеңилдиктер каралат",- деди Калиева.
Мындан тышкары ал Жогорку Сотко соттук акттардын даттануу мөөнөтүн 1 жылдан 3 айга чейин кыскартууну сунуштады.