Сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кайра курулган ат майдандын курулушунда иштеген айрым жарандар акчаларын ала элек. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына кечээ, 7-октябрда Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди.
“Биз, уюштуруучулар, бүгүнкү күндө отчётторду тапшырып жатабыз. Эртеби-кечпи курулушта иштегендерге акчалары берилет. Текшерүү иштери бүтсүн, анан аларга төлөнчү сумма анык болот”,- дейт А.Касенов.
Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 9-14-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ат майдан болсо аз убакыт аралыгында, 8-сентябрда бүткөрүлгөн.