Бишкекте депутаттар отургузган 400 кызыл карагайдын 320сы куурап калган

Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын отуруму өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө аталган кеңештин депутаты Павел Десятников шаардагы "Ататүрк" сейил багында отургузулган 400 кызыл карагайдын 320сы куурап калганын айтты. “Бул бак-дарактарды отургузууга парламент депутаттары катышкан. Ар бир көчөттүн баасы 1200 сом турат. Жалпысынан 400 миң сомду жерге көмүп койгондой болду. Эмне себептен алар көзөмөлгө алынган эмес, эмнеге сугарылбай калды?”- деп депутат “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жетекчилигинен сурады. Аталган ишкананын кызматкерлери бул суроо боюнча жайында суунун аздыгы себеп болгонун айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
dinooou
2014-10-08 11:23:33
Кошмар,
Өзү булар баскан жерге чөп чыгат бекен?)))
+5
Ibragim864
2014-10-08 11:36:00
Даяр олтурузулган кочотторду карабай кургатып койгон кишилердин,аларды жетектегендердин жоопкерчилиги суралсын!Бул деген кайдыгерликтин кесепети,суунун тартыштыгы деп жомокту айтпагыла.Эгерде биз ушундай "иштесек" шаарыбызды чолго айландырабыз.
+3
tagokg
2014-10-08 11:41:38
депутаттар олтургузулган кочоттордун андан ары коктондуруусуно милдеттуу эмес!!! аны тиешелуу муниципалдык органдар карайт. Озун бир туп кочот эктинби??????!!!!!!
0
zman53
2014-10-08 11:52:03
Кочотту да ак-ниет,ак-пейилин менен отургузан тамыр алат.Турмуш озу коргозду го,булардын кандай адам экендигин.
+2
Nurmuhammad
2014-10-08 11:58:41
Жада калса бир кочотту да отургуза алышпайт бул депутаттар!
0
shura89
2014-10-08 12:20:38
булар тубуно таш таштап трамбовка кылышса керекда
0
bujum32
2014-10-08 12:25:16
Кичине ийилип чункураак казыш керек эле буларга ийилгенге болбойт курсак мишайт этет анан кочотту тил менен эмес пешене тер менен отургузат
0
bek007
2014-10-08 12:37:17
Досторум айтмакчы депутаттардын колун "нас" басып калган да))))))
0
kama_future_millioner
2014-10-08 14:01:32
Булар креслоону эле жакшы олтургузат, кочоттуу да жакшы ниет максат мн олтургузуз керек атка минерлер. Жада калса бак дарактардын да конулу калган булардан.
-1
kakebrat
2014-10-08 14:22:04
дарагынар көгөрбоптур анда силер элди жыргатта албайсынарго дейм менимче
-1
kakebrat
2014-10-08 14:23:16
баары нийетке жарша болот дейт экенго нийетинер жакшы элеби ?
-1
Manasemetei
2014-10-09 04:05:39
men uigo darak olturguzsam tez koktop sonun bolup osup katet ele .al bul deputattar oturguzsaa koktoboi da koiuptur.bular baskan jerge 4op dagy 4ykkysy kelbeit".koi4u uwul jerdi uwuul deputat basty ele 4ykpai ele nary jagyraaktaan 4ygyp osoiun deit" 4op da bolso
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан