Төө-Ашууда кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга "Сосновка" постунда убактылуу чектөө коюлду

Бишкек-Ош каттамында жүрүүчү чоң жүк ташуучу унааларга чектөө коюлууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-октябрда саат 08:00дөн баштап "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлду. Буга Төө-Ашуу ашуусундагы унаа жолун кардан тазалоо жана кум себүү иштери себеп болууда. Жеңил автоунаалар үчүн жол ачык. Азыркы убакта "Сосновка" постунда 60 оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jani1987
2014-10-08 11:53:12
Аиииии кар жадыбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан