Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга бийик тоолуу унаа жолдор аркылуу жүрүүдө жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууну эскертет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, министрлик өзгөчө Бишкек-Ош унаа жолунда жол коопсуздугун камсыз кылып, бири-бирине тыгын жаратпаш үчүн жайкы дөңгөлөктөр менен жолго чыкпоону сунуш кылат.
Ошондой эле маалыматта жүргүнчүнүн ден соолугу жана өмүрү айдоочунун колунда, андыктан ар бир айдоочу сапарга чыгарда жолго керектелүүчү шаймандарына көңүл буруусу зарыл экендиги айтылат.