Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча комиссиянын отуруму өтүп жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов: “Суу тартыштыгынан бак-дарактар куурап жатат” деген шылтоону токтотуш керек”,- деди.
Анын айтымында, мындай отурум 3-жолу өтүп, суу маселеси боюнча так жооп берилбей жатат. “Ушул жылы суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бирдей эле. 20 күн гана суу жок болду. Коррупцияга каршы кызматы иликтеп баштаганда суу бериле баштады. Балким, сууну мыйзамсыз буруу жана пайдалануу орун алып жаткандыр? Бул маселени тергеп, иш жүргүзүш керек”,- деди мэр.
Мындан тышкары ал арыктарды тазалоо жана салуу керек экендигин баса белгиледи.