Бишкекте 11-октябрь күнү эски аянтта Бишкек шаарынын күнүн белгилөө салтанатынын алкагында спорттук мелдештер орун алат. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда спорттук гимнастика, көркөм гимнастика, таэквондо, дзюдо, оор атлетика, күрөш, гиря көтөрүү спорттору боюнча көрсөтмө оюндар болот. Ал эми кол күрөш, стол тенниси, шахмат, стритбол, тогуз коргоол, ордо, аркан тартыш жана жеңил атлетика боюнча мелдештер уюшулат. Бул иш-чарага катыша тургандардын саны 2 миңден ашарын белгилешет уюштуруучулар.