Бишкекте беш күндө 31 025 адам текшерүүдөн өтүп, алардын 3036сы жогорку кан басымы менен жүргөнү ачыкталды. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти билдиргендей, "Өзүңдүн кан басымыңды бил" аттуу акцияда 11 307 мырзанын, 19 718 айымдын кан басымы өлчөндү. Кан басымы жогору айымдардын саны 1876ны, жогорку кан басымы менен жүргөн мырзалардын саны 1160ты түздү. Бардык кан басымы жогору жарандарга адистин көзөмөлүнөн өтүү, дарылануу жана диета кармоо сунуштары айтылды.
Айта кетсек, акция 22-26-сентябрь күндөрү борбор шаарда өттү.