Бажы тартиби боюнча кыргызстандык дыйкандар тышка ташыган айыл чарба товары үчүн Казакстанга 12 пайыз, Орусияга 18 пайыз кошумча нарк салыгын төлөшү керек. Кыргызстандык ишкерлердин көбү бүгүнкү күндө салык пайызынын аздыгына карап Казакстандын бажы салыгын гана төлөп жатат. Андан ары Орусияга товарды алып өтүү маселесин дыйкандар өздөрү моюнга алышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын жана жашылчаларды Казакстан аркылуу Орусиянын аймактарына тоскоолдуксуз өткөрүү катуу көзөмөлгө алынган. Айыл чарба азыктары "Ак-Тилек" бажы өтмөгү аркылуу ташылат, мындан улам бул өтмөктө болуп жаткан экспорттоо ишине күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп турат. Белгилүү болгондой, Кыргызстан тараптын бажы өтмөгүндө мындай маселе жок. "Ак-Тилек" бажы өтмөгү аркылуу күнүгө 40-50дөй оор жүк ташуучу унаалар өтөт. Алар кеминде 1000 тонна айыл чарба азыгын казак аймагы аркылуу Орусияга ташып турат. Учурда көбүнчө картошка экспорттолууда. Ошондой эле салттуу болуп калган пияз, капуста, сабиз, кызыл калемпир сыяктуу жашылчалар ташылып жатат.