Жылытуу мезгилинин ийгиликтүү өтүшү үчүн “Электр станциялар” ишканасы Бишкектин Жылуулук электр борборуна 1 миллион 57 миң тонна көмүр даярдап бериши керек. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул көлөмдүн 507 миң тоннасы Д үлгүсүндөгү импорттук көмүр, калган 550 миң тоннасы кыргызстандык көмүр болушу пландалган.
Учурда импорттук көмүрдүн 22,2 миң тоннасы даяр. Бир апта мурун КРнын Өкмөтү 487 миң тонна “Шабыркүл” көмүрү боюнча келишим түзгөн. Октябрда бул көмүрдүн 70 миң тоннасы келет.
Кыргызстандык көмүрдүн керектүү көлөмүнүн 500 миң тоннасы “Ковак” көмүр кенинен, 50 миң тоннасы “Таш-Көмүр” кенинен алынып келинмекчи. 350 миң тонна "Ковак" көмүрү боюнча келишим түзүлгөн. Учурда 85,8 миң тоннасы жеткирилген, жакында дагы 70 миң тонна алынып келиниши күтүлүүдө. Ал эми “Таш-Көмүр” кенинин көмүрү боюнча келишим түзүлүп жатат.
Мындан тышкары Бишкектин Жылуулук электр борборунда КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 миң тонна көмүрү сакталууда. Ошондо бул борбордо жалпысынан 150 миң тоннага жакын көмүр бар. Бул күзгү-кышкы мезгилдин ийгиликтүү өтүүсү үчүн керектүү көлөмдүн 15 пайызын гана түзөт.