Ажылык сапарга кеткен жарандардын алгачкы тобу 11-октябрда Кыргызстанга кайтып келишет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ажылардын алгачкы тобу 11-октябрда Бишкек шаарына таңкы саат 4:45те, ал эми Ош шаарына кечки саат 23:35те келип түшүшөт. Ажылык милдеттерин аткаруу үчүн кеткендердин эң акыркы тобу 25-октябрда мекенине кайтып келишет.