Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган рейддер аптасына 2 ирет уюшулуп турат

Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия кечээ, 8-октябрда Курманжан датка, Г.Айтиев, Масалиев, Раззаков көчөлөрүндө рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 12 унаанын туура эмес жайга токтотулганына жана 4 маршруттук таксинин аялдама жок жайда токтотулганына карап протоколдор толтурулду. Мындан кийин рейддер аптасына 2 ирет уюшулуп турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан