Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл. Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы жогорулатылат.