Ашууда калган чабандарды койлору менен Сузак районуна жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри К.Боронов сузактык чабандарды койлору менен тез арада Сузак районуна жеткирүү боюнча бардык аракеттерди көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Саат 12:00гө алынган маалыматтар боюнча, ашууда калган 4 чабан 1500 койду айдап, Казарман – Баетов автожолунун 40-чакырымындагы “Макмал” алтын комбинатынан Чет-Булак айылын көздөй бара жатышат. Андан сырткары койчулар Тогуз-Торо райадминистрациясы тарабынан уюштурулган тамак-аш менен камсыздалышканы маалым болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ganibal87
2014-10-10 16:40:05
Жакшы болуптур есан аман жетип келишсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан