Эртең Бишкектин мэринин катышуусунда веложүрүш орун алат

Эртең, 11-октябрда Шаар күнүн белгилөө иш-чарасынын алкагында Бишкектин мэринин катышуусунда веложүрүш орун алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталат. Каалоочуларды катарына чакырган веложүрүштүн катышуучулары Чүй проспекти менен Жаш Гвардия бульварына чейин келип, Москва көчөсүнө көтөрүлүшөт. Андан соң сапар Москва көчөсү аркылуу Эркиндик бульварына чейин уланат. Жүрүш эски аянтта жыйынтыкталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан