Бүгүн, 10-октябрда Ош шаарынын коомдук жайларында “33 кыймылы” деген аталыштагы акция өтүп жатат. SUPER.KG порталына акциянын Оштогу координатору Жанабил Давлетбаев билдиргендей, КРнын Конституциясынын 33-беренесине ылайык, ар бир жаран мамлекеттик органдан маалымат алууга укуктуу. Акцияда ошону жергиликтүү элдерге түшүндүрүү, аны кандай жол менен пайдалануу керектиги айтылууда.
“Бул акция коомдук жайларда өткөндүктөн, көпчүлүк өз укуктарын билүүгө кызыгышып, өзүлөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун сурап, акцияда жүргөн тийиштүү адистерден жооп алып жатышат. Мисалы, Ош шаарындагы жолдорду кеңейтүү маселеси менен тиешелүү мекемеге кайрылуу жасалса, канча күндө жооп келерин, эгер келбесе кандай чараларды колдонуу керектигине кызыгышты. Менин оюмча, өз укугун билүүдө мындай акциялар эмес, маалымат берүүчү атайын жайлар болуш керек”,- деп кошумчалайт Ж.Давлетбаев.
Кошумчалай кетсек, мындай акция учурда Кыргызстандын бардык аймагында өтүп жатат.