14-октябрда Бишкекте "Жаңы муун" саясий кыймылы
бензиндин кымбатташына каршы нааразычылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда аталган уюмдун мүчөлөрү интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялашты.
Активист Мелис Аспеков өз баракчасында: "Качанкыга чейин биз макул болуп, унчукпай отура беребиз? Биз чыдабай калдык. Дүйнөдө мунай арзандады, бизде, тескерисинче, күйүүчү май кымбаттап жатат",- деп жазып, акцияга катышууга чакырды.
Айта кетсек,
11-октябрга карата Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49 сом 90 тыйынга чыккан. Бул бир күн мурунку баага салыштырмалуу 1 сом 10 тыйынга кымбат. АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 41 сом 90 тыйынды (кечээ 41 сом 20 тыйын болчу), АИ-95тин баасы 53 сом 20 тыйынды (кечээ 52 сом болчу) түзүп жатат. Дизель майынын баасы өзгөргөн жок, 43 сом 80 тыйындан сатылууда. Бензиндин баасы Бишкектеги май куюучу жайлардын дээрлик баарында көтөрүлгөн.