Чүй районунун айрым аймактарында бүгүн,13-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй районуна караштуу Кара-Ой, Совет, Дөң-Арык айылдарында, Москва районуна караштуу Төлөк, Ак-Суу айылынын Проездная, Чапаев, Суворов, Демитров, Энгельс, Береговая, Токтогул, Жуковский, Мичурин көчөлөрүндө, Петровка, Кыз-Моло, Предтеченка, Плодопитомник айылдарында жана Крупская атындагы ВСКда, Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын Ленин-266-490, Алматы-113-205, Линейная-137-367, Набережная-1-53, Советская-84-229, Киров-185-191, Фрунзе-402-672 көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.