Социалдык тармактарда кыргыз ырчыларынын чыгармаларын өздөрүнүн тилине которуп ырдаган казак ырчылары тууралуу видео тарады. Анда башкы каарман катары Мирлан Баековдун "Кызыл өрүк" чыгармасын казакчага которгон Акылбек Жеменей, Ильяздын "Жаным айын" казакчалап "Шок кыздар" деп атаган Бейбит Корган сүрөттөлөт. Ошондой эле анимациялык тамашанын жаратуучулары өткөн ишемби күнү КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган Алтынбек Максүтовго, бир топ чыгармасы казакчага которулган ырчы Мирбек Атабековго жана чыгармачылыгынын алгачкы күнүнөн тарта казак чыгармалары менен коюн-колтук алышып келген ырчы Султан Садыралиевге да роль беришкен.
Маанисине келсек, тамашалуу видео казак ырчысы Акылбек Жеменейдин Бишкекке келип, Мирлан Баековдун “Кызыл өрүк” аттуу ырын уурдап бара жатканы менен башталат. Анын артынан министр Алтынбек Максүтов, ырчылар Мирбек Атабеков менен Султан Садыралиев сая түшүп кууп келатышкан болот. Казакстанга чейин кирип барган куугундарды казак ырчысы токтотуп, эмнеге изине түшүп кууп келишкенин сурайт. Ошондо бул "Эмнеге?" деген суроону министр жанындагыларга узатат. Тамашалуу тасмада ыр сатуу жагынан тажрыйбалуу ырчы катары сүрөттөлгөн Мирбек Атабеков ыр үчүн акча алуу керектигин айтат. Ошол жерден казак ырчысы кыргыздарга акча берип, көңүлүн жайгарат да, жолуна салат. Андан соң Акылбек Жеменей котормолор менен эмгектенген Бейбит Корган менен жолугат. "Ала-Тоонун ары жагындагы агайындарга барып кайтсамбы дегем. "Шок кыздар" хит болуп бүттү го" дейт ал. А.Жеменей болсо "Кызыл өрүктү" чоң акчага сатып алганын айтып, “эми кызыл өрүк мейиз болуп калгыча ырдайм го” деп боорду эзет. Андан соң бир кап акча көтөрүп Бишкекти көздөй келаткан Бейбит Корганга ийгилик каалап, өз жолуна түшөт.