Бишкек-Торугарт унаа жолунда Долон ашуусу 13-14 метрге ылдыйлатылып, унаа жолу кеңейтилип, суу түтүктөрүн жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун аймагындагы Долон - Кызыл-Бел ашууларынын аралыгындагы 93 чакырым аралык бүтө элек. Жолду учур талабына жооп берген асфальт жолго айландырууну өткөн жылы республикада өткөрүлгөн тендерде Кытайдын “Синогидро” фирмасы жеңип алган. Аталган фирма быйыл жазында техникаларын алып келип, жолду салуу жумуштарын баштаган. Быйыл жолдун 12 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлүп, Долон ашуусу 13-14-метрге ылдыйлатылды. Ошондой эле 93 чакырымдын калган бөлүктөрүндө суу өтүүчү түтүктөрдү жакшыртуу, тиешелүү тилкелерди кеңейтүү жумуштары аткарылып жатат. Жол 2016-жылдын декабрь айында толугу менен пайдаланууга берилет.