Улуттук университеттин ректорлук кызматына 16 талапкер ат салышат

Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорлук кызматына 16 талапкер ат салышат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, октябрь айынын башында ректорду шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин отуруму болуп, ага комитеттин 25 мүчөсүнүн 22си катышкан. Анда жаңы ректорду шайлоо жана бул кызматка талапкерлерди каттоо маселеси каралган. Бул тууралуу талапкерлер менен таанышып чыккан соң добуш берүүнүн жыйынтыгында 17 талапкердин 16сы каттоого алынды. Аталган комитеттин кийинки отуруму 14-октябрга белгиленген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан