“Жалал-Абад электр” ишканасынын басма сөз кызматы 8-октябрда кыргызстандык хирургдарды кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасоого мажбур кылган электр энергиясынын өчүп калышы боюнча маалымат таратты.
“Жалал-Абад шаарындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунда 8-октябрь күнү аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу авариялык абалда электр энергия үзгүлтүккө учурап, кайра эле "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасы тарабынан 21 мүнөт ичинде калыбына келтирилген. Аталган борбор Облустук кан тапшыруу борборунун 3-кабатында жайгашкан. Ал имарат "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасынын балансында турган трансформатордон калк менен кошо электр энергиясын алышат. Ошондуктан бул борбор керектөөчүлөрдүн 1-категориясынын талаптарына туура келбейт”,- деп билдирет ишкана.
Мындан тышкары бул мекеме эгер кандайдыр бир авариялык өчүрүү орун алса, борбордун иш ыргагына терс таасирин тийгизсе, ал жооптуу эмес экендигин алдын ала баса белгиледи.
"Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрь күнү жана ага чейин бир нече жолу аталган борборго "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасы тарабынан алдын ала кат аркылуу электр энергия үзгүлтүккө учурабашы үчүн 1-категориянын талаптарына ылайык чараларды аткаруу (тиешелүү техникалык шартты түзүү, өзүнө жеке трансформатор орнотуу жана альтернативдик электр энергиясын иштеп чыгуучу дизель-генераторун коюу) жөнүндө билдирүү берилген. Ошондуктан, катта эскертилгендей, кандайдыр бир авариялык өчүрүү орун алса, борбордун ишинин жүрүшүнө терс таасирин тийгизсе, ага "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасы жооптуу эмес",- деп түшүндүрдү ишкана.
Айта кетсек, бүгүн, 13-октябрда электр энергиясынын өчүп калгандыгына карабай хирургдар кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операцияны ишке ашырууга мажбур болгондугу тууралуу маалымат чыккан.