Бишкекте бензин көйгөйү: Активисттер президенттик кортеж өтчү жолго пикетке чыгышты

Бишкекте бүгүн, 14-октябрда активисттер "Мен бензиндин кымбатташына каршымын!" деген ураан менен нааразычылык акциясына чыгышты. Президенттик кортеж өтчү Тынчтык көчөсүндө өтүп жаткан иш-чараны "Жаңы муун" кыймылы уюштурууда. Пикеттин максаты - бензиндин баасынын кымбатташына өлкө башчысынын көңүлүн буруу. Акцияга активисттер Мавлян Аскарбеков, Тимур Саралаев жана башкалар катышууда. 
Айта кетсек, Кыргызстанда бензиндин баасы күндөн-күнгө өсүп, жарандардын, айрыкча айдоочулардын тынчын алууда. Бир ай мурункуга салыштырмалуу учурда айдоочулар 1 литр бензинди дээрлик 5 сомго кымбат сатып алып жатышат. 
Бензиндин кымбатташы митингге алып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Baktiar93
2014-10-14 10:24:24
Бул бийлик элди куурата турган болду го
+10
isaasa
2014-10-14 10:47:07
ушул иштерин аягына чыгышса экен.Aзаматтар....
+11
bai.kymbat
2014-10-14 10:51:41
мен болсом менда чыкмакмын!
+7
baiysh0704
2014-10-14 11:05:16
Азаматтар десе,ошентип жатып бензинди 12 сомго тушурсонор кана азаматтар.
+6
erlandyky
2014-10-14 11:29:49
Эн туура 100% колдойбуз
+6
kana21
2014-10-14 11:30:43
колдойм силерди, азаматтар
+3
Muzik
2014-10-14 11:59:01
Молодцы ребята
+5
eduardali
2014-10-14 12:12:05
12сомго тушурбой эле бир жолу бекер кылдыргыла карапайым элим бир жыргасын.
+3
kama_future_millioner
2014-10-14 14:27:19
Менда колдойм жыйынтык чыксын эми
+4
Frunze1
2014-10-14 14:44:59
ХХХ ХХХ ХХХ... эл учун чын дилден куйгондор аз, качан калат биздин "алма быш, оозубузга туш" деген жаман адатыбыз... ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2014-10-14 14:59:02
Frunze1 - эскертүү сызыгынын толгонуна жана берилген эскертүүлөргө көңүл бөлбөстөн провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтыргандыгы үчүн түбөлүк БАН!
-3
kubankg2010
2014-10-14 15:24:56
Туп туура кылышыптыр Алмаз Шаршенович 2010жылы берген убадаларын унутуп калдыбы Эл аны тез эле эстетип коёт !!!!!!!!!!!!
+5
Ganibal87
2014-10-14 16:15:34
Жакшы балдар еркексинер!!
+3
Nurtilek001
2014-10-14 17:58:52
азаматсынар
+1
s.k.bakyt
2014-10-14 23:23:20
Бул нерсе ушул бойдон эле унутулуп калат го. 2-3 ай мурун эле 380 сомго 10 л. бензин куйчу элем эми 500 сомго зорго куям, айла жок. Газпром келип газды арзандаткан менен элдтн канын бензиг менен сорот окшойт. Баары бир куюшат деп которо берет кундон кундо
0
s.k.bakyt
2014-10-14 23:27:19
а президентке баары бир....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан