Ажылык милдетин аткарып, мекенине кайткандардын саны миң адамга жетип калды. Зыяратчыларды мекенине ташыган акыркы рейс 25-октябрда келет. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарына 11-октябрда 159 адам, 12-октябрда 157 адам, 13-октябрда 162 адам кайтып келген. Ал эми Ош шаарына 11-октябрь күнү 174 адам, 12-октябрда 171 адам, 13-октябрда 174 адам кайтып келген.
Ошондой эле бүгүн, 14-октябрь күнү Бишкек шаарына дагы 116 адам, ал эми Ош шаарына 174 адамдын келип түшүүсү күтүлүүдө.