Ысык-Көлдө начар абалга келген музыкалык окуу жайда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт

Бүгүн, 14-октябрда Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Каракол шаарында Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайында иш сапары менен болуп, анын имаратынын абалы менен таанышып чыкты.

Маалыматка ылайык, Э.Каптагаев аталган окуу жайдын башчысына капиталдык оңдоо иштерине канча акча каражат керек экендигин эсептеп чыгууну тапшырып, бул сметаны кийинки жылдын планына киргизерин билдирди. Мындан тышкары ал окуу жайдын кызматкерлери менен жолугушуп, маданият тармагындагы негизги көйгөйлүү маселелерди талкуулады.

Айта кетсек, Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жай 1984-жылы курулган. 30 жылдан бери анда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлө элек. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан