“Андрей Аршавин соттун чечими боюнча айлык акысынын 50 пайызын алимент катары төлөмөк, төлөбөй жатат” дейт анын мурунку жубайы

Сот орусиялык футболчу Андрей Аршавинди 2023-жылдын декабрына чейин (улуу баласы 18ге чыкканга чейин) жубайына айлык акысынын 50 пайызын алимент катары ай сайын төлөп турууга милдеттендирген эле. Анын мурунку жарандык никедеги жубайы Юлия Барановскаянын айтымында, соттун бул талабы аткарылбай жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Андан тышкары футболчу мурунку жарандык никедеги жубайы Юлияга Лондон шаарынан батир жана автоунаа белек кылууну убада кылган. “Андрей бул убадасын да аткарган жок” дейт Юлия.

Кошумчалай кетсек, жубайлар 2013-жылы ажырашышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Begimkyz
2014-10-15 15:50:51
Жөн эле бага бербейби дейм да, сенин деле балаң. Акча үчүн өлгөнү калганбы бу аял.
0
miss2014
2014-10-16 02:46:04
Юлияны аяп турам себеби учунчу баласы боюнда экенде Аршавин таштап башка менен кеткен,кеч болсо да Аршавиндин кайтып келишин калаар элем.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан