Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча коомдук угуулар башталды. Иш-чара президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин жетекчилигинин астында өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” уюмунун жетекчиси 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоо боюнча өз пикирин билдирди. “Айрым өлкөлөрдө шайлоо таза өтсүн деген ниет менен миллиарддаган акча каражат сарпталгандыгын билебиз. Заманбап компьютерлер сатылып алынган, жаңы технологиялар колдонулган. Бирок шайлоо учурунда фальсификация орун алып, максат ишке ашпай калган. Бизде да ушундай болушуна жол бербешибиз керек”,- деди укук коргоочу.