Октябрь районунда санитардык абалды көзөмөлгө албаган айрым объектилердин кожоюндарына карата протокол түзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын санитардык абалы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анда Октябрь районунда санитардык абал көзөмөлгө алынбай жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Октябрь районунун 6 кичи району, Сухэ көчөсүндө жайгашкан  “Санет” рестораны, “Нур” унаа жуучу жайы жана “X-O” дүкөнүнүн жумушчулары тарабынан эреже бузуулар аныкталган. Жумушчулар кургак тиричилик таштандыларын баш аламан ташташкан. Натыйжада Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери объектилердин кожоюндарынын аттарына Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин №489-беренеси боюнча протокол түзүп, Октябрь районунун административдик комиссиясынын кароосуна жиберишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан