Бишкек шаарында 15-октябрга карата доллардын курсу орточо көрсөткүч менен 55,00 сомду (сатып алуу) жана 55,30 сомду (сатуу) түздү. Кечээ, 14-октябрга карата орточо көрсөткүчтө 54,90 (сатып алуу) жана 55 сомго (сатуу) чыккан.
Кошумчалай кетсек, өткөн айга салыштырмалуу доллардын курсу 1 сом 45 тыйынга кымбаттады. Ал эми 5-октябрдан бери сатып алуу 70 тыйынга көтөрүлдү. 5-октябрда шаар ичинде орточо көрсөткүч 54,30 сомду (сатып алуу) жана 54,50 сомду (сатуу) түзгөн эле.