Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча коомдук угуулар башталды. Иш-чара президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин жетекчилигинин астында өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарды тапшырбагандардын шайлоодо добуш бербөөсүн ишке ашырууну демилгелеп, депутаттарга кайрылды.
Анын айтымында, бардык керектүү жабдуулар өлкөгө алып келинген. “Октябрь айында алар өлкөнүн аймактарына жеткириле баштайт. Жарандар биометрикалык маалыматтарын өзүнүн жашаган жеринен тапшырууга милдеттүү эмес. Каалаган жеринде, вокзал болобу, аэропорт болобу, ал биометрикалык каттоодон өтө алат”,- деп түшүндүрдү.