“Парламенттик шайлоого тийиштүү документтерди кабыл алууну тездетүү керек” дейт Чолпон Жакупова

Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте шайлоо системи боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Анын жүрүшүндө укук коргоочу Чолпон Жакупова: “Учурда Кыргызстанда ийгиликтүү депутаттар аймактардын эмес, кандайдыр бир социалдык топтордун кызыкчылыктарын коргогон өкүлдөр болууда”,- деди.

Анын айтымында, 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоо процесстерине даярдык жүрүп жатат. “Мындай коомдук угууларды тездетип, тиешелүү токтомдору жана мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Шайлоо башталганга чейин аткаруучу түзүмдөрдүн документтер менен таанышып чыгышына убакыт керек”,- деди укук коргоочу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан