Вице-мэр: "Ош шаары кыш мезгилине 94-95 пайызга даяр"

Ош шаарында бүгүн, 15-октябрда АКШнын Борбор Азия боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Дэниел Розенблюм, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен жана АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен Ош шаарынын вице-мэрлери Ильичбек Эргешов жана Кутманалы Абдырахман уулунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Шаардык мэриянын жетекчилиги тарабынан кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча бир топ байкаларлык чаралар кабыл алынды. Ушул тапта Ош шаары кыш мезгилине 94-95 пайыз даяр болуп калды",- деп билдирди вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу. 

Ошондой эле аталган жолугушууда өлкөдөгү саясий, экономикалык жана энергетикалык тармакты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Dadin1
2014-10-15 13:31:54
Айласыздан кулосунго, 94-95% даяр.Кандайча даяр? Толук маалымат берип кетсениз жакшы болор эле жолдош вице-мэр. Же мэриядагылар озунордун даярдыгынарды айтып койдунарбы..))
+8
gooool
2014-10-15 13:45:03
даяр даяр....жыргал жыргал...укмуш укмуш...керемет керемет...соз жок соз жок...уят уят...
+12
010288
2014-10-15 14:06:29
биз анда 5пайыз даяр эместерге кошулабызбы.
+9
goodman02
2014-10-15 15:54:52
010288, ооба десен, мисалы мкр Кулатов эч кандай кышка даяр эмес даже былтыр жылуулукка деп акчасын да бергенбиз бирок жулуулук келген эмес,быйыл да келеби же жокбу бир кудай билет, мэриядан эч кандай аракет жок.
0
mirbakg
2014-10-15 14:30:01
Оозу мурду кыйшайбай эле айтып койсо боло Береби -?
+2
nargiz_96
2014-10-15 14:32:51
94 95 даяр эмес десе жарашат эле
+3
nurjana83
2014-10-15 14:37:01
эмне жумуш жасап дайар болуптур же тушундобу
+1
goodman02
2014-10-15 15:56:40
бети жоктор уялышбай айткандарын кышкы даярбыз деп
+1
bazar
2014-10-15 16:51:52
Уже кышка дапдаяр турбайсынарбы?ХХХ ХХХ ХХХ...
-7
admin_portal
2014-10-16 09:20:31
bazar - эскертүү!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги жана кимдир бирөөнү мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
+1
aika1405
2014-10-15 19:15:37
Тооба, ар бир уйго комур сатып бергенсип айтыптырго.
0
sterva
2014-10-15 21:12:49
кызык,эмнеси даяр?мкрн Юго востокто кундо кечке жакын свет очот,суу эртеден кечке жок,кеч келет и то тамчылап агат,отопление 8окт келет дешкен,анысынан дайын жок,анан билбейм кайдан даяр
+1
D.U.P
2014-10-15 23:08:26
Ай иий чыккан жерине киргизе согойун дейм бурок админ туугандар депортко айдайбирвесин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан