Бишкектеги Кызыл-Аскер, Достук райондоруна 16-октябрда таза суу берилбейт

Бишкектин айрым аймактарына 16-октябрда ичүүчү суу берүү токтотулат. "Бишкек суу-канал" ишканасы билдиргендей, оңдоо иштерине байланыштуу бул күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин шаардын Садыгалиев, Профсоюзная, Фучик көчөлөрү жана темир жол линиясы менен курчалган аймагында таза суу болбойт. Демек, Кызыл-Аскер районунда, Достук кичи районунда, Ленин райондук аскердик комиссариатында, №15, 49, 50, 54-орто мектептерде жана башка мекеме, ишканаларда суу убактылуу токтойт. "Бишкек суу-канал" аталган аймакта жашагандарды таза сууну көбүрөөк камдап алууга чакырат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан