Чүй облусундагы кылмыштуулуктун өсүшүнө бөгөт коюу максатында Адистештирилген түнкү ыкчам рота-милициясы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам рота ички иштер органдарын реформалоону улантуу, жаштар жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана мыйзам бузуулардын профилактикасы максатында көрүлүүдө. Аталган рота саат 20:00дөн 06:00гө чейин ыкчам экипаждар кылмыштын өсүү жагдайы көп райондордо, коомдук иш-чараларды өткөрүү орундарында жана жаштар көп топтолгон жерлерде көзөмөл жүргүзүшмөкчү.
Мындай кадам катталып жаткан кылмыштын бетин изи сууй электе ачууга өбөлгө болору айтылат билдирүүдө. Эске салсак, аталган долбоор КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен түзүлгөн.