Ош. Өзгөн шаарында Эл аралык күрүч фестивалы өтөт

Өзгөн шаарында 23-24-октябрда Эл аралык күрүч фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Болот Жолдошев билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалдын негизги максаты Өзгөндүн күрүчүн экспорттоо, аны өстүрүү менен алектенген элдердин улуттук маданиятын, каада-салтын кеңири жайылтуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат. Фестивалга чет өлкөлөрдөн күрүч өстүрүү боюнча адистер, окумуштуулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келери күтүлүүдө. 

Иш-чарага КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана ЖКнын депутаттары катышмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан