Маалыматка ылайык, семинар “Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалымат базасын түзүү”, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүнүн тартиби жана шарттары” деген темада өттү.
Маалыматта белгиленгендей, семинардын максаты “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө”, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" КРнын мыйзамдарын ишке ашыруу болуп саналат.