Ош шаарында 21-октябрдан тарта таза сууга чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Ош шаардык суу-канал башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу 21-октябрда саат 00:00дөн баштап 23-октябрь, саат 00:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Шаардык суу-канал башкармалыгынан билдиришкендей, калаа тургундарына ушул күндөрү жетишерлик суу камдап алуу керектигин эскертет.