“Кыргызстанда Украинадагы окуялардын кайталануу коркунучу жок”,- деди бүгүн, 15-октябрда Украинаны фашисттик басып алуучулардан бошотуу күнүнүн 70 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылыш аземинде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько.
“Кыргызстан - демократиялык мамлекет. Республикада бардык жарандардын укуктары корголгон. Диктатуранын болушу да мүмкүн эмес, анткени мыйзам тарабынан бул маселе каралган. Ал эми Украинада тышкы күчтүн таасири көрүнүүдө. Негизи, бардык окуялар Майданда башталган. Ошол учурда чыныгы нааразы болгондор чыгышкан. Эгер ошондо эле бийлик мыйзамдуу парламенттик шайлоону өткөргөндө, кан төгүлүү болбойт эле”,- деди элчи.