Каракол шаарынын тургундары Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту

Каракол шаарында бүгүн, 15-октябрда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары жергиликтүү тургундар менен социалдык-экономикалык маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмеси жана Каракол шаардык мэриясы тарабынан депутаттар менен шайлоочулардын мамилесин жакшыртуу максатында уюштурулган жана ал суроо-жооп форматында өттү. Ага ЖКнын депутаттары Сабиров М.Э. ("Республика"), Дыйканбаев К.С. ("Республика"), Измалкова А.Н. (КСДП), Жумабеков Д.А. ("Ата Журт") жана Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, Каракол шаарынын мэри Калыгулов Р.У. жана анын орун басарлары, шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери да катышышты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан