Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынын өкүлчүлүгүндө Украинаны фашисттик басып алуучулардан бошотуу күнүнүн 70 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылыш аземи өттү. Иш-чарада Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышышты.
А.Крутьконун айтымында, 1944-жылы совет эли Украинаны фашисттерден бошотуп, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына жол ачкан. “Бүгүнкү күнү мурунку Советтер Союзунун мамлекеттеринде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар жүрүп жатат. Тилекке каршы, жылдан-жылга ардагерлердин саны азайып бара жатат. Айрымдары баса албай калышкан. Аларга сый-урмат көрсөтүп, жаштарга үлгү болсок деп жатабыз”,- деди элчи.
ЖКнын депутат айымы Д.Ниязалиева өз сөзүндө: “КРнын Өкмөтү жана парламент Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө иш-аракеттерин жүргүзөт. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Аларды карап биздин жаштарда патриоттук сезимдер пайда болот”,- деп билдирди.
Айта кетсек, аталган көргөзмөнү 2 жуманын ичинде көрө алса болот.