Жалал-Абад шаарындагы Жол башкармалыгы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7930 чарчы метр жолдун төшөлмөлөрүн оңдоп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын борборундагы Ленин көчөсүндө 5220 чарчы метр жерге битум төшөлүп, жолдун жаракалары бүтөлгөн. Андан сырткары шаардын ичинде орун алган 9 көчөнүн жолу асфальтталган.