15-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 833 миллион метр кубду түздү

15-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 833 миллион метр кубду түздү. Бул көрсөткүч 2013-жылдын көрсөткүчүнө салыштырганда 25,79 пайызга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 308 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 283 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычтан агып чыккан суунун агымы секундуна 411 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 283 метр кубду түзгөнү маалым. 

Эске салсак, өткөн жылы 15-октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 946 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
novayariga
2014-10-15 18:55:40
Бир балээнин башталышына аз калды уже свет очурмой обу жок башталды ,бир кундо эки маал. Жакшылыктын жышааны эмес бул!
0
asilkg
2014-10-16 03:36:48
Сууну жайында озбектерге сатып жиберишкен ошого азда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан