Эртең менен үзгүлтүккө учураган акциянын активисттерине айып пул салынды

Борбор калаанын Биринчи Май райондук соту бүгүн, 15-октябрда Горький сейил багында нааразылык акция учурунда кармалган “Жаңы муун” кыймылынын 5 мүчөсүнө айып пул салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

“Сот "милициянын талабын аткарбай, укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөткөн" деген негиз менен "административдик тартип бузду" деп үч адамга 500 сомдон, экөөнө 200 сомдон айып пул салды”,- дейт М.Аскарбеков.

Эске салсак, бүгүн Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муундун” мүчөлөрү электр энергиясына жана күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык акциясын өткөрмөк. Бирок акция үзгүлтүккө учурап, айрым активисттер милиция кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dadin1
2014-10-15 18:57:50
Акцияга керектуу докуменерди алып мэриядан уруксат алдык деп жатышат элего.Сот эмнеге таянып мындай окум чыгарды экен.
+2
graffbatkensky
2014-10-15 19:03:16
Анан каяктагы чындык менен адилеттуулуко таянат бийлик? Эртен бензиндин баасы 70 сом болуп кетсе да жата береби? Бензиндин которулушу бул шайлоого даярдык!!
+1
Multicam
2014-10-15 19:47:39
graffbatkensky,
кандайча шайлоого даярдык ?
Союзга кирсек, баалар осот, турган чындык .
+2
Alicia
2014-10-15 20:44:08
Mavlian Askarbekov shamal bolso da piketke chygat eken uialbaiby kichine? emi bardyk nersenin kichine ordu bolot da
-7
Gul.08
2014-10-16 03:40:24
Пул-дегени акчабы?
0
admin_portal
2014-10-16 09:18:36
Gul.08, Саламатсызбы!
Айып пул - бул штраф.
0
M89
2014-10-16 09:30:29
Ушу Мавлянга майлуу орун берип койгулачы депутаттар. Озунордун катарынарга кошуп алсанар ал деле унчукпай отурмак.
0
Ala-Too
2014-10-16 14:17:46
M89, Сен озун акыйкатсыздыкты коруп туруп оозуна талкан салып унчукпайсын да айткан адамды коро албайсын... Булар жакшыбы жаманбы жалпы элдин мудоосун айтып жатат, анткени калын эл бугунку кымбатчылыктарга ото нааразы, сен жылуу жерде, майлуу-суттуу орунда отуруп алып эл кыйналмактан ары отуп кетсин, мага десе кырылып калсын деп айткын келип жатабы???
0
Ala-Too
2014-10-16 14:21:34
Дуйнодо мунай арзан, Россияда да бензиндин баалары ошол бойдон, анан эмнеге бизде бензин кымбаттап жатат, бийлик тушундуруп бербейби? 70-80 сомго чыкмак дейт, бийлик элге кааласа 100 сомдон да сатат оз элин тоноп... Бензиндин баасынын осушу Кыргызстанда, бийликтин иши... ГСМ контрабандасынын башында да бийлик бар эле, муну баары билет, эми сатылган ар бир литр бензиндин баасынан 40 сомду кемитсек, ортодогу айырма бийликтин кирешеси, "левыйы".. Бензиндин оздук наркы болгону 40 сомдун тегерегинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан