Бүгүн Бишкекте Улуттук онкология борборунун башчылыгына сынак өтөт

Бишкекте бүгүн, 16-октябрда Улуттук онкология борборунун башчылыгына сынак өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Улуттук онкология борборунун кызматкерлери ЖКнын төрагасына, премьер-министрге жана Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдошкон. Аталган кайрылууда эмгек жамааты беш жылдан бери аталган ооруканада баш аламандыктар орун алып, борбор эл аралык деңгээлде гана эмес, Кыргызстанда да өз статусун жоготуп баратканын айтышкан. Ошол себептен улам башчыны шайлоонун белгиленген убакытта, 16-октябрь күнү демократиялык жана мыйзамдуу жол менен өтүүсүн камсыздап берүүнү суранышкан.

Эске салсак, август айында 15 эксперттен турган комиссия тарабынан Онкология борборунан бир катар одоно мыйзам бузуулар табылган. Ошондуктан борбордун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен кызматынан четтетилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан