Ош шаарында бүгүн, 16-октябрда кышкы жылуулук мезгилине карата жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жергиликтүү тургундарга газ баллондору таратыла баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан суюлтулган газ баллондору менен 1775 үй-бүлө камсыздалмакчы. Буга чейин шаардын вице-мэри Абдырахман уулу Кутманалы баллондор Беларусь мамлекетинен алынып келинерин, буга байланыштуу тендер 8-сентябрда жыйынтыкталып, эми сатып алуучу компаниялар өндүрүүчү завод менен келишим түзүүгө киришкенин айтып, шаар тургундары көмүр да ала турганын кошумчалаган.