Бишкекте бүгүн, 16-октябрда “Аялдар тартип коргоо органдарында” деген аталышта эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган иш-чара өкмөттүн бир катар токтомдорун ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө. Ага Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, Кавказдын жана башка бир катар мамлекеттердин тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү катышмакчы.
Эл аралык конференцияны Ички иштер министрлиги ЕККУнун тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча программасы менен биргелешип уюштурууда.