Ош шаарында мыйзамсыз салынган объектилер Архитектура башкармалыгы тарабынан текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Архитектура жана турак жай-коммуналдык башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Анда өз алдынча курулган объектилерди текшерүүгө алганда шаардык курулуштун тартибин бузуу менен курулган 6 объект аныкталган. Алсак, Молдонияз көчөсүндөгү 2 кабаттуу имарат, Раззаков көчөсүндөгү 5 кабаттуу турак жай, Салиева көчөсүндөгү ачык футбол аянтчасы, А.Масалиев көчөсүндөгү 2 кабаттуу капиталдык имарат, Исанов көчөсүндөгү №51-көп кабаттуу турак жай жана «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык комплексинде жайгашкан «Айсулуу» соода түйүнү мыйзамсыз курулганы аныкталган.
Айта кетсек, буга чейин да бир канча жолу мэрия тарабынан мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, майнап чыккан эмес болчу.