Жаш активист Төрөкан Жунусбеков электр энергиясын кризиске алып келгендерди жоопко тартууну талап кылып, ачкачылык жарыялоодо

“Ар-намыс” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Төрөкан Жунусбеков электр энергиясын кризиске алып келгендер жоопкерчиликке тартылсын деген максатта саясий ачкачылык акциясын улантып жаткандыгын бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Саясий ачкачылык акциясын унаада отуруп алып улантып жаткан Төрөкан Жунусбеков: “Биз электр энергиясын кризиске алып келгендерди 3 күндүн ичинде жоопкерчиликке тартууну, Энергетика министрлигине ошол тармакты түшүнгөн адамдын шайлануусун талап кылуудабыз”,- деди.

Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муундун” мүчөлөрү электр энергиясына жана күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык акциясын өткөрүшмөк. Бирок акцияны милиция кызматкерлери үзгүлтүккө учуратышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ala-Too
2014-10-16 14:26:28
Талап кылбай койдой отура берелиби, жарыктын (электр энергиясынын) жоктугунан улам жаш бобоктор менен кары-картандар суукта ушуп, шарт жок, ооруга чалдыкса, кайтыш болушса убалы кимге, жокчулуктун айынан Россия ж.б. тентип иштеп жургондордон канчасы олуп кетип жатат, бийлик ойлоп койдубу ошолорду, сенин оюн боюнча башынды мусорго тыгып кочукко бир тепсе да унчукпай отура бериш керекпи??? Бийлик толугу менен алмашышы керек, Казахстан, Туркменистан бир жакшына жашап жатат го, баары келип бийликке
-1
Ala-Too
2014-10-16 14:28:39
Мырзакматов президент болсун, анан ал киши озу тандап алат иштей тургандарды... Ошту Ош кылып кулпурткан адам Кыргызстанды да кулпунтуп алдыга сурой алат... Бугунку кундо куру убадаларга эмнс, аткарган ишине карап баалоо керек.... Бугунку бийлик эмнени кыйратып койду, кайра 2005-жылкы Бакиевдин убагынан да кыйын учурга келип калдык....
+2
semakg
2014-10-16 15:30:45
Ala-Too, Туура айтасын Мырзакматов эл учун Оштуктар учун аз убакытта коп жакшылыктарды кылды. Буйруса бийлике ушундай инсан келиш керек. Ошондо КР осуп онугот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан