"Орусия аймагында мыйзам бузуп, "кара тизмеге" түшкөн кыргызстандыктарга эч кандай жардам бере албайбыз". Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев билдирди.
"Орусиянын Федералдык чек ара кызматынын "кара тизмесинде" мыйзам бузган кыргызстандыктар гана эмес, башка өлкөлөрдүн жарандары да бар. Орусиянын Ички иштер министрлиги же Федералдык коопсуздук кызматы аркылуу бул тизмеге түшкөндөргө эч кандай жардам бере албайбыз. Себеби биздин жарандардын көпчүлүгү легалдуу эмес. Алардын жумушка орношууга уруксаттары, тиешелүү документтери жок”,- дейт Д.Бекмурзаев.
Анын айтымында, алардын басымдуу бөлүгү жумушка орношууга уруксат берүүчү жасалма кагаздарды сатып алып иштешет. Ал эми тиешелүү мекемелердин текшерүүлөрүнөн кийин алар "кара тизмеге" дароо түшүп калышат. Ал статус мыйзам бузгандардын катарын толуктайт.